Нидерланд менен Бельгиядагы 300дөн ашуун маданият уюмдары Израилди бойкот кылууда
Нидерланд жана Бельгияда 300дөн ашык музей, искусство жана маданий уюмдар Израилге каршы маданий бойкот жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жалпы 302 уюм жана 878 маданият өкүлдөрү кол койгон билдирүүдө бойкотко Газадагы геноцид жана Батыш Жээктеги оккупация себеп болгонун белгилешти.
Билдирүүдө бул чечим еврейлерге же жеке адамдарга каршы эмес, Палестина элинин укуктарын бузууга катышкан мекемелерге багытталганы айтылды. Бойкотко Гент көркөм өнөр музейи, Голландия кинофестивалы жана башка ири уюмдар кошулду.
Маданий чөйрөнүн өкүлдөрү Израилдин аракеттерине унчукпай карап туруу мүмкүн эместигин айтып, спорт, билим берүү жана саясий тармактарды да байланышын токтотууга чакырышты. Алардын айтымында, Израилди эл аралык мыйзамга баш ийүүгө бир гана бирдиктүү бойкот мажбурлай алат.
