Биринчи жолу казакстандык аял Blue Origin кемесинде космоско учат
Blue Origin NS-36 миссиясынын экипажы расмий жарыяланды. Анда тарыхта алгачкы жолу космоско казакстандык аял Данна Карагусова уча турганы белгилүү болду.
Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Карагусова ишкер, FMG маркетинг холдингинин негиздөөчүсү, 25 жылдан ашык убакыттан бери медиа жана иш-чараларды уюштуруу тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле ал тажрыйбалуу альпинист катары Килиманжаро жана Эльбрус чокуларын багындырган.
Экипаждын курамына мындан тышкары инженер жана робот-техника адиси Клинт Келли III, ишкер жана изилдөөчү Аарон Ньюман, FranChoice компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Элгин, украиналык ишкер Виталий Островский, ошондой эле ысымы кийинчерээк жарыялана турган дагы бир катышуучу кирди.
Учуу New Shepard ракетасы менен жүргүзүлүп, капсула Карман сызыгынан космостун шарттуу чеги саналган 100 чакырым бийиктиктен жогору көтөрүлөт. Экипаж болжол менен 5 мүнөттөй көтөрүлүп, миссиянын узактыгы 11 мүнөттү түзөт. Кеме толугу менен автоматтык системдин башкаруусунда болот.
Учуу датасы азырынча белгилене элек. Ал эми учууну Blue Origin өзүнүн расмий сайтында, X жана YouTube платформаларында түз эфир аркылуу чагылдырат.
