super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев бир катар мамлекеттик кызматкерлерге класстык чендерди тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө башчысынын жарлыгына ылайык бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге "3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси" класстык ченин тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага мамлекеттик кызмат – бул коомго кызмат кылуунун бийик миссиясы, элдин ишенимине татыктуу болууга умтулуу экенин баса белгиледи.

"Бул жогорку деңгээлдеги класстык чендер ар бир мамлекеттик кызматкер үчүн чоң жоопкерчилик менен коштолгон кесипкөйлүктүн, тажрыйбанын жана ак ниет эмгекке мамлекеттик баа берүүнүн таанылышы болуп саналат. Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы – бул эл алдындагы зор жоопкерчилик. Ар бир чиновник – бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө, ал эми ар бир кабыл алынган чечим – өлкөнүн келечегине таасир этүүчү кадам", - деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле ал класстык чендердин ээлерин бул окуя менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана эмгек ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаганы кошумчаланган маалыматта..






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: