UFC: Мыктыбек Оролбай уулу Жек Херманссон менен Катарда беттешет
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу кийинки UFC беттешин Жек Херманссон менен өткөрөт. Бул тууралуу UFC уюму расмий сайтында жарыялады.
Беттеш 22-ноябрда Катардагы Доха шаарында UFC Fight Night турниринин алкагында өтөт.
Бул Мыктыбек үчүн норвегиялык-швед мушкери менен алгачкы беттешүү болот.
Мыктыбек буга чейин Азербайжандагы UFC турниринин алкагында жергиликтүү спортчу Тофик Мусаев менен беттешип, биринчи раундда жеңишке жеткен.
Аэ эми анын алдыдагы атаандашы Херманссон кыйла тажрыйбалуу, анын эсебинде 33 беттеш бар, анын 24үн жеңген (11 – нокаут менен, 6 – техникалык ыкмалар менен, 7 – судьялар чечими менен) жана 9унда жеңилип калган. Акыркы жолу ал быйыл июнь айында нокаут менен утулган.
Антропометрия боюнча Херманссондун артыкчылыгы бар: бою 185 сантиметр, колунун жетүү аралыгы 197 сантиметр, ал эми кыргызстандык спортчунун бою 178 сантиметр, колунун жетүү аралыгы 187,9 сантиметрди түзөт. Мындан тышкары шведдик мушкер мурда орто салмакта күч сынашкан, бул ага салмак боюнча артыкчылык бере турганын адистер айтышууда.
Эске салсак, Мыктыбек Оролбай уулу аралаш мушташ боюнча профессионалдык спортчу катары дебютун 2018-жылдын август айында жасаган.
