super.kg logo

Москва көчөсүндөгү тротуарларды жаңылоо иштери жүрүүдө (фото)

 

Борбор калаада тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Москва көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдун эки тарабына жаңы асфальт төшөө иштерин баштады.

Мэриядан билдиришкендей, асфальт салууга чейин эски асфальтты алуу, бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу жана тротуардын негизин даярдоо иштери аткарылды. Буга чейин түндүк тарабына асфальт төшөлүп бүтсө, түштүк тарабындагы иштер бүгүн кечке чейин жыйынтыкталат.

Мекеме бул тилкеде тротуарларды жаңылоо жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун бир топ жакшырта турганын айтты.

Эске салсак, Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки түштүк бөлүгү мурда асфальтталган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: