BAKAI — TEXPO V 2025тин башкы өнөктөшү: Бишкекте Борбор Азиядагы эң ири мода жана текстиль көргөзмөсү өттү

Өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ тармактарды колдоого өзүнүн туруктуу берилгендигин дагы бир ирет тастыктап, BAKAI экинчи жыл катары менен TEXPO көргөзмөсүнүн башкы өнөктөшү болуп чыгууда.
27–29-сентябрь күндөрү Бишкекте мода жана текстиль индустриясындагы Кыргызстан менен аймактагы эң ири экспорттук жана ишкердик аянтча болуп эсептелген 5-Эл аралык TEXPO V көргөзмө өттү.
BAKAI бир жолку эле кызматташтык менен чектебестен, Кыргызстандын текстиль тармагын туруктуу жана системалуу түрдө колдоп келет. Бүгүнкү күндө бул тармак экспорттун локомотиви болуп, он миңдеген адамдарды жумуш орундары менен камсыздап келе жатат.
Быйылкы TEXPO Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Пакистан, Россия жана Түркия болуп, 7 мамлекеттеги 150дөн ашуун компанияны бириктирди. Аянтчага өндүрүүчүлөр, дизайнерлер, байерлер жана инвесторлор чогулуп, жеткирүү жолдорун кеңейтүү жана эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
TEXPO — бул жаңы ишкердик байланыштар түзүлүп, маанилүү келишимдерге кол коюлуучу жана бардык тармактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла турган платформа. BAKAI үчүн TEXPOну колдоо — бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салым жана дүйнөлүк деңгээлге чыгууга умтулган ишкерлерге көрсөтүлгөн реалдуу жардам.
Көргөзмө 600дөн ашуун катышуучуну бириктирип, жеңил өнөр жай үчүн жылдын эң ири окуясына айланды. TEXPO V дагы бир жолу Кыргызстан Борбор Азиянын текстиль индустриясынын борбору боло аларын көрсөтүп, ал эми BAKAI банкынын колдоосу бул кадамдын ишенимдүү жана узак мөөнөттүү болуусуна өбөлгө түздү.
