super.kg logo

 Айтматов проспектисинде жөө адамдар үчүн жер алдынан өтүүчү өтмөк курулат

 

Бишкектеги Айтматов проспектине жөө адамдар үчүн жер алдынан өтүүчү өтмөк курулат. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдардын биринде маалымдалды.

Айтматов проспектисиндеги жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилген.

Муну менен катар жөө жана веложүргүнчүлөр үчүн эки тарабында тең кең тротуарлар жана веложолдор курулган.

Эске салсак, бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Айтматов проспектисинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо өтүп бара жаткан жүргүнчүнү сүзүп кеткени айтылган.

Буга чейин тургундар Айтматов проспектисинде мамлекеттик резиденциядан тартып Масалиев проспектисине чейинки аралыкта жөө өтмөктөр да, светофорлор да жок экенин, ошондуктан жолду өз алдынча кесип өтүүгө мажбур болуп жатышканын айтышкан.






Бишкектеги Айтматов проспектине жөө адамдар үчүн жер алдынан өтүүчү өтмөк курулат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: