super.kg logo

Чүйдөгү мыйзамсыз колдонууда жүргөн 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды

 

Мыйзамсыз менчиктелген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда жалпы аянты 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында "системалык каттоо" иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөгөн жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз абалда калган.

Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардан натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: