super.kg logo

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди (видео)

 
Кечээ, 3-октябрь күнү Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунда Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана башка сыйлуу коноктор катышышты.
Салтанатта облус башчысы Элчибек жантаев район тургундарын маараке менен куттуктап, Кара-Суунун тарыхый жана азыркы жетишкендиктерин белгиледи:
Бүгүн — баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Биз сыймыктануу менен Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Кара-Суу — эзелтен эмгекчил эли, берекелүү жери менен белгилүү аймак. Бул жерде тарбияланган чыгаан уул-кыздар өлкө өнүгүшүнө зор салым кошуп келишкен. Токсон жылдык — бул ар бир үй-бүлөнүн, ар бир жарандын талыкпас эмгегинин жемиши. Ынтымактын, биримдиктин аркасында Кара-Суу бүгүн айыл чарбада, соодада, билим менен маданиятта алдыга озуп, бүтүндөй облустун сыймыгына айланды. Ишенем, мындан ары да район гүлдөп-өсө берет”, — деди ал.
Мааракелик иш-чара концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүштөр жана маданий иш-чаралар менен уланууда.





Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: