super.kg logo

 Өзгөн шаарындагы “Мал базар” мамлекеттин балансына кайтарылды (фото)

 

1,28 гектар аянтты ээлеген Өзгөн шаарындагы “мал базар” мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы жерлерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Өзгөн шаарында жайгашкан 1,28 га жер аянтын "мал базары" үчүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталган. Ал 2002-жылы жеке менчикке сатылып кеткен.

Мындан тышкары, 2018-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкелери ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаарынын мэриясынын жана Жазы айыл аймагынын балансына акысыз өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: