"Эл менен кеңешебиз". Жапаров өлүм жазасын киргизүү демилгеси боюнча комментарий берди

Жапаров менен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев маектешкен.
Өлкө башчысы акыркы убактарда “педофилдик” кылгандар көбөйүп бара жатканын, зөөкүрлөр жаш балдарды, жаш кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүрүп жатканы өкүндүрө турганын айтты. Андан соң 2021-жылдан бери канча кылмыш катталганына токтолду.
"Мына ушундан улам, күчөтүү боюнча тапшырма бердим. Жазаны күчөтсөк, токтойт деген үмүтүбүз чоң. Себеби, түрмөнү тоготпой калышты. Түрмөдө азыр мурдакыга караганда жашоо жеңилирээк болуп калды. Түрмөлөргө режим кирди. Мурда сырттагы үй-бүлө же жакындарынан “тамак киргиз, кийим-кече киргиз, акча киргиз” деп, жардам алып жашашчу.
Мындан сырткары, өздөрү түрмөдө олтурганы аз келгенсип “воровской көтөрөбүз” деп акча чогултушуп ууруну да багышчу.
Азыр болсо үч маал тамак менен кийим-кечелери бекер, түрмөлөрдүн ичинде иш менен камсыз болушту, эмгек акы алып жатышат.
Тескерисинче, азыр ушул тапта үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтүп жаткандар бар. Ошондуктан өлүм жазасын киргизсек, токтойт деп турам. Токтобосо дагы бир кыйла азаят", -деди Жапаров.
Андан соң президент өлүм жазасы кылмышка тиешеси жок адамдарга карата колдонулуп кетпейби деген суроого, учурда андай болбоштун жол-жобосун адистер иштеп чыгыша турганын билдирди.
"Азыр XXI кылым. Техниканын заманы. Мисалы, тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилдесе, сот процесстери баштан аяк онлайн режимде элге түз көрсөтүлүп турса, күнөөсүз эле адамды өлүм жазасына тартыш кыйын да.
Андан сырткары, эки жактын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы караса болот. Мисалы, кечээки зөөкүрдүн энеси интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, «балама эң жогорку жазаны бергенге макулмун» дебедиби.
Ошондуктан сот процесстерге жакындарынан катыштырсак, өз көздөрү менен көрүп ынанышат да. Адамга өлүм жазасын бериш оңой иш эмес. Ошондуктан абдан дыкат карашыбыз керек. Бул жагын жетимиш өлчөп, бир кесебиз", -деди өлкө башчысы.
Ал эми ири өлчөмдө коррупция менен кармалгандарга карата да өлүм жазасы колдонулабы деген суроо Жапаров төмөнкүчө жооп берди:
"Коррупция маселесин бул жакка такыр аралаштырбаш керек. Бул жерде адам өлтүрүү, өспүрүмдөрдү зордуктоо жөнүндө гана сөз болуп жатат. Эгер коррупцияны аралаштырсак, анда сиз суроо салгандай тиешеси жок адамдар да жазага тартылып кетиши мүмкүн. Себеби коррупцияга байлап, күнөөсү жок эле адамдарды жазага тартып жиберчүлөр четтен чыгат. Пендечилик деген бар да.
Укук коргоо органдары менен мамлекеттик кызматкерлердин арасында бири-бирине душман болгондор көп. Бири-бирине коррупция менен “жалаа” жабышы мүмкүн.
Киши өлтүрүү, зордуктоо менен “жалаа” жабыш оңой иш эмес.
Коррупция боюнча кечээ жакында кабыл алынган мыйзам эле катуу иштеп турса, коррупция жоголот. Коррупцияны мындай эле жок кылабыз, акыры.
Жогорку жакта жоголду. Акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрдө токтобой жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө деп бөлүп берген миллиарддаган акчалардын жарымын жеп, калган жарымы менен дагы жыргатып иш жасабай жатышат. Ылдый жак оңолбой жатат. Ал жакта дагы көчтү бара-бара түздөйбүз. Биздин көйгөй азыр балдар менен аялдарды коргоодо болуп турат".
Ошондой эле өлүм жазасы өлкөнүн Конституциясына да каршы келерин, ошондой эле Кыргызстан эл аралык келишимдерге кошулуп, өлүм жазасын жоюу боюнча милдеттенмелерди алганы тууралуу Жапаров:
"Бул маселени бийлик өзүбүз билип эле чечип койбойбуз. Эл менен кеңешебиз. Конституциянын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынат. Ошол эле учурда ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес деп Конституциянын бул беренесинде так жазылган. Башкача айтканда, мамлекет адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуудан коргоого укугу бар.
Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек.
Мыйзамдын долбоору "Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет.
Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет.
Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек", -деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:10
2025-10-03
22:14
2025-10-02
Рейтинг:
0

