super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык самбочулар Индонезиядагы Дүйнө биринчилигинде 3 коло медаль утту (фото)

 

Кечээ, 4-октябрда Индонезиянын Богор шаарында өтүп жаткан самбо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө биринчилигинин экинчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирдин бул этабында 12 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды. Кыргызстандык самбочулар таймаштын экинчи күнүндө 3 коло медаль утуп алды.

Күжүрмөн самбо боюнча:

– 98 килограмм салмак категориясында Медет Абдырахманов 3-орунду ээледи (коло медаль).

Спорттук самбо – кыз-келиндер арасында:

– 65 килограмм салмак категориясында Улара Карыпбекова 3-орунду алды (коло медаль).

Спорттук самбо – эркектер арасында:

– +98 килограмм салмак категориясында Илья Сухинин 3-орунга ээ болду (коло медаль).

Эске салсак, Дүйнө биринчилиги бүгүн да уланат. Самбочулар дагы 12 салмак категориясында күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: