Бишкекте эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт
25–26-октябрда Бишкекте эл аралык профессионалдык бокс турнири болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, "Bishkek Arena" спорт аренасында уюштурулуп жаткан беттештер беш титулдук боюнча өтүп, анын ичинде WBA Asia, WBI жана IBF версияларынын курлары ойнотулат.
"Бул — дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана атактуу мушкерлер күч сынашып жүргөн титулдар. Кыргызстандын атынан рингге 10 кыргыз мушкери чыгат. Алардын катарында WBA Asia куру үчүн ат салыша турган Дилмурад Сатыбалдиев жана Самат Абдрахманов бар. Ошондой эле Абдыжапар уулу Сыргак, Нуржигит Дүйшөбаев, Жеңиш Улпатов, Аскат Култаев, Арген Кадырбеков, Адилет Качкынбеков жана Нурсултан Тулекулов да өлкөнүн намысын коргоо үчүн рингге чыгышат", - деп белгиленген маалыматта.
