Туратбек Мадылбеков, депутат: “Уулума операция жасалып, азыр ооруканада жатат”
Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбековго операция жасалып, учурда ооруканада. Муну бизге депутат өзү билдирди. Айтымында, уулунун кыр аркасындагы грыжа ириңдеп кетиптир.
“Операция өз учурунда жасалганын дарыгерлер айтышты. Грыжа ириңдеп кетиптир. Эгер дагы бир аз кечиксек уулум майып болуп калмак экен. Учурда абалы жакшы”,- деди депутат.
Эске салсак, Эльдар Мадылбеков Бакиевдерге караштуу мүлктү менчиктеп алуу боюнча айыпталып, 9 жылга эркинен ажыратылган болчу. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

