Бишкекте "опузалап акча талап кылып жүргөн" деген шек менен 9-10-класстын окуучулары кармалышты
"Бишкекте окуучулардан акча талап жүргөн балдар кармалышты" деп билдирди бүгүн, 17-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну Н.Кудуреткан "2013-жылдын ноябрь-декабрь айларында №46-орто мектепте окуган уулум Ы.Таланттан 9-10-класстын окуучулары Чоро жана Тайыр
аттуу балдар 50-100 сомдон талап кылып жүрүшкөн" деген арыз менен кайрылган.
Арыздын негизинде Свердлов
райондук милициясынын (жаш өспүрүмдөр) аймактык тескөөчүсү тарабынан Бишкек шаарынын Керамическая көчөсүнүн тургуну К.уулу Таир, ошол эле
көчөнүн тургуну Б.Талгат, Ак-Босого
жаңы конушунун тургуну К.Эржан, Ж.Чоробек кармалып, тергөө бөлүмүнө
тапшырылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган балдар ушундай
сыяктуу кылмыштын дагы 2 фактысына тиешелери бар экендиги аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.