Музейлерге ачык эшик айында 1 жуманын ичинде 50 миңге жакын жаран келди
Өлкөдө 1-октябрдан тарта мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болууда. Ачык эшиктер айында 37 музейге биринчи жумалыкта 50 миңге жакын жаран келди. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, бул демилге президенттин жарлыгына ылайык ишке ашууда.
Белгилей кетсек, өлкөбүздө алгачкы музейдин түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Ачык эшиктер айы 1-октябрдан 30-октябрга чейин уланат.
Суроолор боюнча төмөнкү байланыш номерине кайрылыңыздар:
- + 996 312 621641;
- + 996770 334 040. (Маалымат алуу 10:00-18:00 чейин)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















