super.kg logo
  Спорт  

Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин президенти Хосе Сулайман дүйнө салды

 
2012-жыл. Супер оор салмакта украиналык Виталий Кличко менен Мануель Чаррдын ортосундагы беттеш алдында жолугушууга Хосе Сулайман да келген.
WBC версиясынын чемпиондук наамынын аброюн көтөрүүгө анын салымы чоң эле. Мушкер Леннокс Льюс менен...
Ал акыркы күнүнө чейин мушкерлер менен байланышты тыгыз кармап, бокс боюнча уюшулган саамалыктарга сөзсүз чакырылчу. Мэнни Пакьяо менен...
Хосе Сулайман бокс жаатында бир катар эрежелерди иштеп чыккан. Анын көбү мушкердин жаракаталуусунун алдын алууга багытталган.

Бүгүн, 17-январда чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) президенти Хосе Сулайман Лос-Анжелестеги бейтапканалардын биринде 83 жаш курагында көз жумду.

Маркумдун уулу Сулайман Маурисионун, айтымында Хосе Сулайман көпкө созулган жүрөк оорусунун жыйынтыгында каза болду. 

“Бокстун атасы” деген атка конгон Сулайман 1931-жылы Мексикада төрөлгөн. 16 жашында профессионалдык бокс чөйрөсүнө аралашкан “бокстун атасы” 1975-жылы аталган кеңештин президенти болуп шайланып, өмүрүнүн аягына чейин ушул кызматты аркалап келген. Анын ысымы 2007-жылы бокстун “Эл аралык атак даңк сарайына” киргизилген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.01.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.
18.01.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
musulmandardan bawka adamdar beyiwke kirbeyt. musulman ele bolgon bolsun. jayi jannattan bolsun
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: