"6 килограмм алтын". Орусияда пенсионерди шылуундар алдап кеткен
Орусиянын Вологда шаарынын тургуну курьер аркылуу алдамчыларга баасы 36 миллион рубль болгон алты килограмм зер буюмдарын салып жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал 225 миң рубль акчасын которуп, 6 килограмм алтын буюмдарды берген.
Аялдын айтымында, мунун баары телефон чалуудан башталган. Бейтааныш адам анын имаратында домофондун алмаштырылары тууралуу айтып, канча ачкыч керек экенин сурап, кулпунун убактылуу кодун берген. Андан кийин ал орнотууга макулдугун ырастоо үчүн смс-билдирүүдөгү кодду айтып берүүсүн суранган. Код бергенден кийин, аялга мессенжер аркылуу өздөрүн укук коргоо кызматкерлери катары көрсөтүп, чалуулар түшө баштаган.
Алар анын маалыматтары тыюу салынган уюмдарды каржылоо үчүн колдонулганын айтып, аны жок кылуу үчүн акча сал деп көндүрүшкөн. Пенсионер телефонуна тиркеме орнотуп, көрсөтүлгөн эсепке 225 миң рубль которгон. Мошенниктер анын банкта алты килограмм зер буюмдарын сактап жүргөнүн билишкенде, ага курьер жөнөтүшкөн жана ал эки кап зер буюмдарын берген. Бул окуядан кийин алдамчылыктын курмандыгы болуп калганын түшүнүп, милицияга арыз жазган.
Ал укук коргоо органдарына 20 жылдай зер буюмдарды чогултуп жүргөнүн айткан. Тергөө жүрүүдө.
