Улуу Британияга жумушка орноштуруу боюнча шылуундар көбөйгөнү айтылды
"Улуу Британияда акысыз ишке орнотобуз" деп адамдардан акча өндүргөн шылуундар көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Аталган борбор учурда жарандар "акысыз катталуу" деген сунуштарга алданып, андан кийин WhatsApp аркылуу "онлайн каттоо ийгиликтүү аяктады" деген жалган билдирүүлөргө туш болуп жатышканын белгиледи.
"Каттоодон өткөргөн соң алдамчылар ар кандай шылтоолор менен акча талап кылышат. Мисалы, "медициналык камсыздандыруу үчүн", "Англияда банк эсебин ачуу үчүн", "кайтууга авиабилет сатып алуу үчүн" жана башка. Ишке орношуу акысыз, талапкер өз чыгымдарын (визага жана эки тараптуу авиабилетке) расмий эмгек келишимин алган соң гана төлөйт. Кыргызстандыктардын Британияга ишке орношуусу сезондук айыл чарба иштери боюнча 6 айга чейинки мөөнөткө гана жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган борбор жарандарга паспорттук маалыматтарды бөтөн адамдарга бербөө керектигин эскертти.
"Онлайн каттоо борбордун расмий сайты www.migrant.kg аркылуу гана жүргүзүлөт. Шектүү учурларда 1899 номуруна байланышууга болот", - деп кошумчаланат билдирүүдө.
