"Онлайнга негиз жок". Эртең, 17-октябрда Бишкекте мектептер кадимки тартипте иштейт
Эртең, 17-октябрда Бишкекте мектептер кадимки тартипте иштейт. Онлайн окуу жокко чыгарылгандыгын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мэрия Ички иштер министрлиги окуучуларга карата коркутуу видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында жок экенин аныктагандан кийин бул чечимди алып салды.
"Белгиленген мектептер толугу менен текшерилип, кооптуу буюмдар же коркунуч жарата турган жагдайлар табылган жок. Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде коопсуздукту камсыз кылууну улантууда. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептер кадимки оффлайн режимде окуусун улантат. Онлайн окууга өтүү зарылдыгы жок деп табылды", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин эртең 17-октябрда Бишкектеги муниципалдык мектептерде аралыктан окутуу боло тургандыгы маалымдалган.
