"Манас" эл аралык аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
"Манас" эл аралык аэропортунда террордук акт коркунучу тууралуу маалымат түшкөндүгүнө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коопсуздук кызматтары аэропорт имаратын жана ага чектеш аймактарды тыкыр текшерүүдөн өткөрүүдө.
"Биз тараптан бардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Имарат жана аэробекетке чектеш бүткүл аймак текшерилүүдө", — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Аэропорт учурда кадимки тартипте иштеп жатат. Жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында кошумча кызматтар тартылган.
Расмий органдар жарандарды сабырдуулук сактоого жана маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-10-17

16:48
2025-10-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.