Ош мэри кышка карата жол тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди
















Кечээ,16-октябрда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Быйыл биринчи жолу мэрдин демилгеси менен шаар тротуарларын тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Мэр Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, иштөөсүн сынап көрдү.
Кышында Ош шаарындагы көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды “Тазалык” ишканасы, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” жана шаардык жолдор башкармалыгы тейлейт.
Мурунку жылдары 5-6 гана техника иштеп, жумушчулар кум-туз аралашмаларын кол менен чачууга мажбур болушчу. Ал эми быйыл жаңы техникаларды кошкондо 26 техникага жетип, шаар жылдагыдан беш эсе көп техника менен камсыздалууда.
Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга 1-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин аяктоону тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-10-17

16:48
2025-10-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.