Кыргызстан Азербайжандагы шаар куруу форумуна катышты





15–16-октябрда Ханкенди шаарында үчүнчү Азербайжан улуттук шаар куруу форумунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Үчүнчү Азербайжан Улуттук шаар куруу форуму-шаар куруу саясатындагы көп тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Форумдун алкагында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министринин орун басары Берди Халыков, Азербайжандын шаар куруу жана архитектура мамлекеттик комитетинин төрагасы, ошондой эле Тажикстандын архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Абдужабборри Назирзода менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө шаар куруу тармагынын өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана курулуш тармагындагы ички процесстерди санариптештирүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ар бир өлкөдө колдонулуп жаткан алдыңкы чечимдерди киргизүү макулдашылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-10-17

16:48
2025-10-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.