super.kg logo

“Оскар” сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

 

Кечээ, 16-январда Лос-Анжелесте кино жаатында ыйгарылуучу “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жаңыланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты. Талапкерлердин тизмеси төмөнкүчө:

Мыкты тасма”: “Америкалык түрдөгү алдамчылык”, “Капитан Филлипс”, “Небраска”, “Филомена”, “Кулчулуктагы 12 жыл”, “Гравитация”, “Уолл-стриттеги бөрү”, “Ал кыз” жана “Далластагы сатуучулар клубу”.  

“Мыкты актёр”: Кристиан Бейл (“Америкалык түрдөгү алдамчылык” тасмасындагы жараткан ролу үчүн), Леонардо ди Каприо (“Уолл-стриттеги бөрү”), Чиветел Эджиофор (“Кулчулуктагы 12 жыл”), Брюс Дерн (“Небраска”), Мэттью Макконахи (“Далластагы сатуучулар клубу”).  

“Мыкты актриса”: Жуди Денч (“Филомена”), Мэрил Стрип (“Август”), Кейт Бланшетт (“Жасмин”), Сандра Буллок (“Гравитация”), Эми Адамс (“Америкалык түрдөгү алдамчылык”).

"Экинчи пландагы мыкты актёр”: Брэдли Купер (“Америкалык түрдөгү  алдамчылык”), Майкл Фассбендер (“Кулчулуктагы 12 жыл”), Жон Хилл ("Уолл-стриттеги бөрү"), Бархад Абди (“Капитан Филлипс”), Жаред Лето (“Далластагы сатуучулар клубу").  

"Экинчи пландагы мыкты актриса”: Женнифер Лоуренс (“Америкалык түрдөгү алдамчылык”), Жулия Робертс (“Август”), Жун Скуибб (“Небраска”), Салли Хокинс (“Жасмин”), Люпита Нионго (“Кулчулуктагы 12 жыл”).

Кошумчалай кетсек, 86-ирет уюшула турган сыйлык тапшыруу аземи 2-мартта Лос-Анжелесте орун алат. Ал кечеде атайын сыйлык менен актёрлор Анжела Лэнсбери, Стив Мартин, көркөм сүрөтчү Пьеро Този жана актриса Анжелина Жоли сыйланат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: