Бишкекте "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтүүдө (фото)








Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Кыргызстандын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган республикалык “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өз ишин баштады.
Иш-чаранын алкагында заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, ошондой эле асыл тукум мал жаныбарлары көргөзмөгө коюлган.
Жарманкеде өлкөнүн ар аймактарынан келген өндүрүүчүлөрдүн органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылууда.
Көргөзмөгө өлкөнүн 7 дубанынан келген дыйкан-фермерлер, жергиликтүү ири кайра иштетүүчү ишканалар жана чарбакер субъекттер катышууда. Шаар тургундары жана коноктор жарманкеге келип, өздөрүнө керектүү айыл чарба техникаларын, жабдууларды жана азык-түлүк товарларын арзандатылган баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмө-жарманке 19-октябрга чейин уланат.


