super.kg logo

Милиция бишкектиктерди дүрбөлөңгө салган билдирүүгө байланыштуу маалымат берди

 

Бишкек шаардык милициясы "Ужас Бишкека Аверсион" деп аталган Telegram каналында жарыяланган коркутуу билдирүүлөрдө сүрөттөгү бала аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, скриншотто көрсөтүлгөн жигит Эне-Сай конушунун тургуну, жашы жете элек М.Н. болуп чыккан. Өспүрүм ата-энесинин коштоосунда милиция бөлүмүнө жеткирилген. Сурамжылоодо ал буга чейин Telegram каналында белгисиз адам менен жаңжалдашып, кийин анын эл аралык издөөдө жүргөн Овсюк Ярослав Михайлович экени белгилүү болгонун түшүндүргөн. Андан кийин анын дарегине "bishkekhorror" аттуу аккаунттан коркутуулар келип түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Н. коркунучтуу билдирүүлөрдүн таралышына тиешеси жок экени, ал эми бул билдирүүлөр чагымчыл мүнөздө болуп, башка колдонуучулар тарабынан өч алуу максатында жайгаштырылганы аныкталган.

Баланын ата-энесине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерден качуу) менен протокол түзүлгөн.

Айта кетсек, кечээ, 16-октябрдагы билдирүүлөрдөн улам милиция кызматкерлери борбор калаада мектептерди текшерүүгө алышкан. Ички иштер министрлиги билдирүү жасаган 20 жаштагы Ярослав Овсюк Кыргызстанда эместигин билдирди. Ал Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөнү такталган.

Бүгүн анын социалдык тармактарда Бишкектеги соода борборлору боюнча да коркуткан билдирүүсү тарап жатат.






Бишкектиктерди дүрбөлөңгө салган билдирүүгө байланыштуу бир өспүрүм суракка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: