Казакстандын чек арачылары кыргызстандык контрабандисттерге курал колдонушту
Казакстандын чек ара кызматчылары 11 жылкыны мыйзамсыз өткөрүп жаткан Кыргызстандын үч жаранын кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, чек арачылар документтерин текшерүү максатында токтотушканда, алар каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам чек арачылар мыйзам чегинде абага ок атышты. Жаңжалдын кесепетинен жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

