super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын араб өлкөлөрүнө экспорттоо үлүшү боюнча БАЭ биринчи орунда турат

 
Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын араб өлкөлөрүнө экспортто үлүшү боюнча биринчи  оурнда турат. Бул тууралуу КРнын чет мамлекеттер менен товар алмашуу боюнча документинде көрсөтүлгөн. 
2013-жылы 10 ай ичинде Кыргызстан БАЭге 67,2 миллион доллар (3 миллиард 270,9 миллион сом) суммадагы товарды экспорттогон. Катар мамлекетине 551,9 миң долларлык товар экспорттолсо, Кувейтке  - 201,7 миң доллар жана Сауд Арабия 16,1 миң долларлык товар жөнөтүлгөн. 
2012-жылы БАЭ менен Кыргызстандын товар алмашуусу 21,6 миллион сом болсо, өткөн жылы 10 ай аралыгында көрсөткүч 3 эсеге өсүп 71,5 миллион сомду түзгөнү аныкталган. 
Катар мамлекети менен товар алмашуу 2 эсеге өссө, 2012-жылга салыштырмалуу калган араб мамлекеттери менен соода тармагындагы алаканын көрсөткүчү азайган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: