super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик шайлоого аттанган жарандардын саны 476га жетти (тизме)

 

Бүгүнкү күндө кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын саны 476га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мекеме 24-октябрда 18 жаран арыз тапшырганын белгиледи. Алардын тизмеси:

  • Салымбеков Жумабек Мамытбаевич, №24 (Бишкек шаары), Жогорку Кеңештин депутаты
  • Эсенбай уулу Талантбек, №10 (Бишкек шаары), убактылуу иштебейт
  • Иманов Акан Эрикович, №25 (Кант шаары), Панфилов районунун акиминин орун басары
  • Саипбаев Нурланбек Жаныбекович, №9 (Өзгөн шаары), Баш-Дөбө айылынын айыл өкмөт башчысы
  • Жайлообаев Айбек Токтогонович, №30 (Нарын шаары), ИИМ органдарынын ардагер пенсионери
  • Ашимова Динара Ашимовна, №8 (Гүлчө айылы), Жогорку Кеңештин депутаты
  • Мырзаев Мирлан Жумадилович, №15 (Кербен шаары), Жергиликтүү кеңештин депутаты
  • Айтимбетова Айсулуу Курманбаевна, №26 (Токмок шаары), Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы
  • Тоотаев Улукмырза Абдилашимович, №21 (Бишкек шаары), «Хадика» ЖЧКсында эмгектенет
  • Абдылас Жаркын, №26 (Токмок шаары), Токмок шаардык кеңешинин депутаты
  • Беделов Бердибек Бекмаматович, №19 (Сокулук району), «Хан Строй проект» ЖЧКсынын башкы директору
  • Мамаджанова Мунара Мамаджановна, №18 (Беловодское айылы), убактылуу иштебейт
  • Шерикулова Минара Анарбековна, №25 (Кант шаары), Борбордук Азиядагы Корея институтунун ректору
  • Жапаркулова Мария Дулатовна, №21 (Бишкек шаары), аудитор
  • Өнөрбаева Рахия Райымбековна, №15 (Кербен шаары), «Кичи-Чаарат» ЖАКта бөлүм башчы
  • Бейшенбаева Гүлниза Жумабековна, №26 (Токмок шаары), “Элина-Трейд” ЖЧКсынын директору
  • Исмаилов Арафат Сайдахматович, №24 (Бишкек шаары), жеке ишкер
  • Султанов Каныбек Султанович, №27 (Чолпон-Ата шаары)

БШК кезексиз парламенттик шайлоого талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: