super.kg logo

"Сүлүктү көмүр" ишканасынын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери, имараттары мэриянын карамагына өттү

 
"Сүлүктү көмүр" ишканасынын сатылып, жеке жактарга катталган мүлктөрү жана жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу 31-октябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Тергөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мүлктүн ээлери ыктыярдуу түрдө мүлктөрдү жана жер аянттарын шаардын мэриясына кайтарып беришти.
Тактап айтканда:
1. Жороев көчөсүндөгү "АБК" административдик имараты жана 1,02 гектар жер тилкеси;
2. Поле-12 көчөсүндөгү 1714 чарчы метр аянттагы "Кызыл-Булак" электр көмөкчордону;
3. Элмуратов көчөсүндөгү "АБК" административдик имараты жана 11 067 чарчы метр жер тилкеси;
4. Шахта-6 көчөсүндөгү "АБК" административдик имараты жана 24 100 чарчы метр жер тилкеси;
5. Поле-12 көчөсүндөгү аянты 323,3 чарчы метр болгон имарат;
6. "ВВиСВ" жардыргыч заттар кампасы, аянты 3,1 гектар;
7. 21 144 чарчы метр болгон жер тилкеси;
8. Жороев көчөсүндөгү аянты 350,5 чарчы метр болгон имарат;
9. "ЭМЦ" имараты жана 1,5 гектар жер тилкеси;
10. "АБК" административдик имараты жана 3482 чарчы метр жер тилкеси;
11. Поле-12 көчөсүнүн боюндагы 210,8 чарчы метр аянттагы "Бункер";
12. 600 чарчы метр жер тилкесиндеги "Крун-6" көмөкчордону.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: