Жоомарт Оторбаев каатчылыкты жоюу боюнча эл аралык топтун өкүлдөрүн кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт
Оторбаев 17-январда Луис Аброр баш болгон каатчылыкты жоюу боюнча эл
аралык топту кабыл алды.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Аталган эл аралык топ 1995-жылы түзүлгөн. Көз карандысыз,
коммерциялык эмес уюм кооптуу чыр-чатактарды жоюу менен алектенет.
Жолугушуунун
жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү саясий-коомдук жана экономикалык кырдаал
тууралуу маалымат берди.
“Экономикалык түзүлүштү өнүктүрүү үчүн коррупция менен
күрөшкөн коомду түзүү зарыл. Бул багытта Эл аралык кризистик борбор менен биргеликте
иш алып баруу Кыргызстан үчүн маанилүү”,- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

