super.kg logo

Бишкектин четинен шаарларга каттаган поезддердин убактылары өзгөрдү 

 

Жол тыгынын азайтуу максатында Бишкектин четинен шаарларга каттаган поезддердин каттам убактылары өзгөртүлдү. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрдан тарта шаар четиндеги поезддер жаңы график боюнча жүрөт.

"Күн сайын шаар сыртынан Бишкекке жумушка же окууга каттаган жүргүнчүлөр жумуш убактысы башталганга чейин шаарга өз убагында жетип, кечки саат 18:00дөн кийин үйлөрүнө кетиши үчүн таңкы жана кечки графикке өзгөчө көңүл бурулду",- деп билдирди ишкана.

Өзгөртүлгөн график:

Кайыңдыдан Бишкекке (Эркиндик бульварындагы вокзал) поезд эртең менен саат 6:00дө чыгып, 8:20да келет;
Бишкектен Кайыңдыга саат 18:40та чыгып, 20:57де жетет;
Токмоктон Бишкекти көздөй поезд саат 6:30да чыгып, 8:35те келет;
Бишкектен Токмокко саат 18:22де чыгып, 20:28де жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: