Чыңгысбек Узакбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулду
Чыңгысбек Узакбаев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 18-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Чыңгысбек Узакбаевди кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.
Эскерте кетсек, кечээ, 17-январда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында фракция лидери Феликс Кулов айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев отставкага кетүү чечимине келгенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

