Токон Мамытов: “Баткенде кырдаал туруктуу, азык-түлүк жеткирүүгө көңүл буруу керек”
Бүгүн, 18-январда КСДП фракциясы жыйынында
вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткен облусундагы абал тууралуу маалымат
берип, бир катар маселелерди жабык эшик артында талкуулоону суранды. Анын
айтымында, азыркы тапта облустагы абал туруктуу, бирок айрым жерлерге азык-түлүктү
жеткирүүгө көңүл буруу керек.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Депутаттар колдоого алышып, өкмөт мүчөлөрү менен
Баткен облусундагы чек арадагы абалды жабык эшик артында талкуулашууда.
Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген Чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган.
Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган.Кыргызстандык 3 чек арачы Бишкекке дарылоого алынып келинген.
Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда. Бирок тажик тарап айланып өтчү жолдун курулушуна каршы экенин билдирип келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

