super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев, депутат: “Кыргызстанда заман талабына жооп берген бир да автомектеп жок”

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев: "Кыргызстанда автокырсыктардын өсүп кетишине өлкөдө заман талабына жооп берген бир да автомектептин жоктугу себеп болууда" деген пикирде.

Айтымында, учурда болочок айдоочулар эски базанын негизинде даярдалууда. “Керектүү айдоочулук көнүгүүлөрдү жасаш үчүн заманбап технологияларды, анын ичинде автосимуляторлор жана машыктыруучу рулдар колдонулушу керек. Өкүнүчтүүсү, мындай база өлкөнүн бир дагы автомектебинде жок”,- дейт Бекешев.

Автомектепте окуп жаткандарды практика учурунда видеотасмага түшүрүү зарыл экенин айтат эл өкүлү. “Кийин архивдерди көтөрүп айдоочу кандай окуп, практикадан кантип өткөнүн билсек болот”,- деп кошумчалады депутат.

Ага ылайык, жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы тартип бузуулар үчүн айып санкциялары кыйла жогорулайт. Мисалы, алкоголдук ичимдик ичүү жана баңгизат колдонуп алып автоунаа айдагандыгы үчүн айып пулдун өлчөмү 1500 сомдон 9000 сомго чейин өсөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: