super.kg logo
  Саясат  

Ош. Мугалимдер "Интерактивдүү досканын артыкчылыктары жана аны пайдалануу" деген темадагы тренингге катышышты

 

18-январь күнү Билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдер үчүн тренинг болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда аталган мекеменин жетекчиси Кимсанов Куштарбек маалымдады. Анын айтымында, Ош шаардык билим берүү башкармалыгында ар түрдүү жамаат эмгектенет. Жаштар жаңы технология менен иштөөнү өздөштүрүп алган болсо, улуу муун эми назар бура баштады.

"Жакшы бир кеп бар, адамзат өнүгүүсүн өргө тартууда көңүл буруу зарыл болгон 2 сапат бар, тартынуу жана текеберлик. Тартынган адам «Ушуну да сураймынбы?» деп жүрүп артта калат. Текебер адам «Ушундан да сураймынбы?» деп жүрүп артта калат. Мына ушуну эске алып, мектептердеги билим берүүнү күчөтүүгө зарыл болуучу интерактивдүү каражаттарды пайдаланууну үйрөнүүдөн четте калбашыбыз керек деген ойдо айрым тренингдерди уюштуруп, катышып жатабыз. Бүгүнкү күндө «Интерактивдүү досканын артыкчылыктары жана аны пайдалануу» темасында тренингге катыштык. Бул трениг баарыбыз үчүн пайдалуу жана кызыктуу болду. Шаарыбыздагы мектептерге жана башкармалыкка мына ошондой заман талабына шайкеш келген каражаттарды алып пайдаланууну максат кылуудабыз. Айталы, айрым мектептерде доскалар эскирген, ал эми интерактивдүү доска бул багыттагы бардык муктаждыктарды жоюп, татаалдыкты жеңилдетүүгө көмөкчү боло алат",- деди өз сөзүндө Кимсанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: