Депутат Д.Жумабеков: "Бала жаңы төрөлгөндө үй-бүлөгө берилүүчү каражаттын өлчөмүн көбөйтүү керек"
Жогорку Кеңеште жаңы төрөлгөн балдарды социалдык жактан
коргоого алууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу депутат
Дастанбек Жумабеков маалымдады.
Автор: Дамира Арстанова
Анын айтымында, азыркы учурда долбоорду даярдоо иштери
аяктады, эми КРнын Өкмөтүнө, андан соң парламенттик фракциялар менен тармактык
комитеттердин кароосуна жөнөтүлмөкчү.
“Мыйзам долбоорунун негизги максаты - жаңы
төрөлгөн балдардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик жардамды
жакшыртууга, андан тышкары өлкөдө балдардын санын жогорулатууга багытталган”,-
дейт Д.Жумабеков.
Бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн жылына 6 миллиард сом кошумча
каражат керектеле турганын маалымдады. Депутаттын пикиринде, Кыргызстанда
жылына 117 миң ымыркай төрөлөт. “Өлкө калкынын өсүү деңгээли 3 пайызды түзөт.
Эгерде азыртадан зарыл чаралар көрүлбөсө, өлкөдөгү демографиялык абал бузулушу
мүмкүн”,- деп кошумчалады депутат.
Эгерде мамлекеттик бюджет жетишсиз болсо, энелик
капиталды кайрадан карап чыгуу сунушталат.
“Бирок кийинки жылдары бала төрөлгөн
үй-бүлөгө берилчү каражат өлчөмүн көбөйтүш керек. Мисалы,
Орусиядагы энелик капитал көлөмүн алалы, 2007-жылы ал 250 миң рублду түзсө,
2008-жылы 276 миң рублга чейин көтөрүлгөн, ал эми 2013-жылы 430 миң рублга
жетти”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

