Талант Узакбаев, депутат: “Малчыларга оңой жол менен курал берип, карышкырларды азайтуу керек”

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-январдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев малчыларга курал берүү жолун жеңилдетүү керектигин билдирди. Айтымында, карышкырдын айынан малчылар көп чыгым болууда. “Совет мезгилинде ар бир малчыга курал берилчү. Учурда карышкыр көбөйүп, адамдарга да кол сала баштады. Азыр деле малчыларда курал бар, бирок мыйзамсыз. Үйүнө катпайт мылтыктарын. Ушуну мыйзамдаштырып койсок”,- деди депутат.
Жыйында аңчылык маселесине байланышкан мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

