Депутат Каныбек Иманалиев: "Кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбооруна менин ордума Игорь Гусаров “каршы” добуш бериптир"
Депутат Каныбек Иманалиев кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбооруна анын ордуна Игорь Гусаров “каршы” добуш бергенин айтып, кайрадан добуш берүүгө чакырды.
Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы көпчүлүктү таң калтырганын кошумчалап, “Документке 55 парламентарий каршы добуш бериптир. Алардын катарында менин дагы атым бар экен. Аталган мыйзам долбоорун 1-2-окууда колдоп келгем. Добуш берген учурда жыйында жок болчумун. Кийинчерээк мен үчүн Игорь Гусаров добуш бергенин айтты. Мен коррупцияга каршы күрөшүүдө бардык башталыштарды колдойм” деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

