super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештеги эң жаш депутаттардын бири Бактыбек Калмаматов бүгүн 30 жашка толду

 

Жогорку Кеңештеги эң жаш депутаттардын бири Бактыбек Калмаматов бүгүн, 20-январда 30 жашка толду. Б.Калмаматов "Ата Мекен" фракциясындагы активдүү депутаттарынын бири. "Кумтөр", Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаанын берилишине тыюу салуу, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошоп, өлкөдөн чыгып кетиши сыяктуу олуттуу маселелер каралганда жаш муундун өкүлү катары парламент трибунасынан өзүнүн калыс позициясын айтканы белгилүү. Бир топ мыйзамдарга демилгечи.

Бактыбек Калмаматов:

1984-жылдын 20-январында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Совет айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшырган.

2004-2005-жылдары жалпы студенттик шайлоодо Ош мамлекеттик университетинин жаштар комитетинин төрагалыгына шайланган.

2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүрүп, юрист адистигине ээ болгон. “Акыйкат” коомдук бирикмесинин, “Жаштар үнү” жаштар кыймылынын негиздөөчүсү жана тең төрагасы.

2007-2009-жылдары “Ата Мекен” партиясынын Ош облусу боюнча төрагасынын орун басары.

2009-жылы “Ата Мекен” партиясынын Ош облусунун боюнча төрагалыгына шайланган.

2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Учурда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: