Конституциялык палатага келген кайрылуулардын 53 пайызы кайра артка жиберилген

Конституциялык палатага (КП) жиберилген жарандардын жана юридикалык жактардын 53 пайыз кайрылуулары өндүрүшкө кабыл алынбай, мыйзамдуу түрдө кайра артка жиберилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда КРнын сот системасын көзөмөлдөгөн жарандык кеңешинин мүчөсү Жанабил Давлетбаев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, Конституциялык палатанын кандай маселелер боюнча арыздарды кабыл алары тууралуу жарандардын билбегендиги себеп болот.
“КПга келген кайрылуулардын ар бир бешинчиси Жогорку Соттун токтомдору баш мыйзамга дал келбегенине арналган. Бирок Конституциялык палата бул маселени кароого укугу жок. Муну жарандар билбейт экен”,- деп Жанабил Давлетбаев түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, аталган жарандык кеңеш 2 жылдан бери сотторду жана жалпы сот реформасын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

