Каржы министри: “2014-жылы сот системи үчүн бөлүнчү акча 100 миллион сомго көбөйөт”
Кыргызстанда 2014-жылы сот системине бөлүнчү акча 100 миллион сомго көбөйөт. Муну бүгүн, 20-январда каржы министри Ольга Лаврова ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинде билдирди. Айтымында, 2013-жылы бул тармакка 404 миллион сом бөлүнгөн.
“Сот тармагында жүргүзүлүп жаткан реформа боюнча дээрлик 2,5 миллиард сом бөлүү керек. Азырынча мынча каражат бөлө албайбыз”,- деди министр.
Жыйында каржы министри КРнын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

