super.kg logo
  Саясат  

Юрист Нурбек Токтакунов: "Соттук иштердин кеч башталуусу - КРнын сот системиндеги алдынкы көйгөйлөрдүн бири"

 
"Эки жылдын ичинде КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасын көзөмөлдөп, айрым көйгөйлөрдү таптык" деп бүгүн, 20-январда  "Прецедент" коомдук уюмунун мүчөсү Нурбек Токтакунов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ММКнын өкүлдөрү жана жарандар соттун имаратына эркин кире алышы керек. Бирок кире бериштен аларды токтотуп, паспортторун сурап киргизбей коюшат. Бул негизги көйгөйлөрдүн бири.
"Дагы бир маселе, бул соттук иштердин кечигүүсү. Көп учурда сот өз убагында башталбайт.
Үчүнчү көйгөй - соттук ишти жаздырып алууга уруксат берүү. Мыйзам боюнча журналисттер уруксат сурабай эле диктофонун колдонсо болот. Бирок кээ бир учурларда ага тыюу салынууда. Ал эми видео тартууга, албетте, уруксат сураш керек",- деп Нурбек Токтакунов түшүндүрдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: