Бишкектик “Дордой” футболдук клубу машыктыруучулук кызматка сербиялык Завиша Милославлевичти алып келет

Бишкектик “Дордой” футболдук клубу машыктыруучулук кызматка сербиялык Завиша Милославлевичти алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда клубдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, клуб жаңы машыктыруучуну 23-февралда расмий түрдө тааныштырат. Эске салсак, “Дордойдун” мурунку машыктыруучусу Сергей Дворянков 2013-жылы кызмат ордун бошоткон. ТОП-Лиганын 2013-жылкы сезонунун акыркы оюндарында “Дордойду” машыктыруучу катары Анарбек Ормонбеков жетектеген.
Завиша Милославлевич Пакистан курама командасын машыктырып, футбол коомчулугуна таанылган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.