super.kg logo
  Саясат  

Ош. Араван базарындагы өрттөн 110 сатуучу материалдык чыгым тарткан

 

Араван районундагы мөмө-жемиш базарында чыккан өрттөн 110 сатуучу материалдык чыгым тарткан. Бул тууралуу  бүгүн, 20-январда аталган райондун акими Шамил Жусупов билдирди.

"Өзүңөр билгендей, бир чоң базар өрттөнүп кетти. Учурда сатуучулардын күнүмдүк турмушун улантуу үчүн базардын арт жагына аларды отурукташтырдык. Бир-эки күндө эксперттер базарды кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн деген аныктама беришсе, биз тез арада ремонт иштерин баштайбыз. Азыркы тапта сатуучулар тарабынан ар кандай арыздар келип түшүүдө. Көпчүлүгү ар кандай банктардан, кредиттик союздардан акча алып соода кылышкандар экен. Биз банктарга кайрылуу жасап, сатуучулар үчүн убакыт коюп берүүсүн суранып жатабыз",- деди Жусупов.

Эске салсак, 17-январь күнү Араван мөмө-жемиш базарынан саат 06:25те өрт чыгып, базар толугу менен күйүп кеткен.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: