super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Караколдогу жаңы административдик имараттын курулушу аяктап калды

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аймактардагы эскилиги жеткен архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттар курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын Коёнкөзов 1 дарегиндеги Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын эки кабаттуу, жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Жалпы аянты 703,95 чарчы метр.
Имараттын негизги бөлүктөрү:
  • Биринчи кабат: бирдиктүу терезе, мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы жана мамлекеттик экспертиза бөлмөлөрү, жыйындар залы, санитардык бөлмөлөр, ашкана, конференц-зал, майыптыгы бар жарандар үчүн пандус каралган.
  • Экинчи кабат: Башкармалыктын жетекчилери, бухгалтерия, кадровик секторлор үчүн бөлмөлөр каралган.
  • Жертөлө кабаты: жалпы архив, курулуш материалдарын сактоо жана кабыл алуу бөлмөлөрү, ошондой эле техникалык бөлмөлөр болот.
Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар жана жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр камсыздалат.
Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондон ашык жаңы административдик имараттар салынып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: