super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы 1,3 миллион гектар жер аянты айыл чарбада колдонулат

 

Кыргызстандагы 1,3 миллион гектар жер аянты айыл чарбада колдонулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январдагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев иштетилип жаткан жер аянттары тууралуу суроо узатып, жер бөлүштүргөн фонд тарабынан түшчү салыктар тууралуу суроо узатты. Министрликтин өкүлдөрү бул суроону салык кызматына берүү керектигин айтышып, жооп бере алышкан жок.

 "Силер жер жөнүндө билбесеңер Айыл чарба министрлиги анда эмне менен алектенип жатат? Силер кырдаалды талдап, кирешелерди көзөмөлдөйсүңөрбү?  Биз эки айылдык аймакты текшердик. Эки айылды көзөмөлдөй албасаңар, өлкөдө баш аламандык болуп жатат го”,- деди  Балтабаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: