super.kg logo

Алексей Оверчук: "Москва Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясатын урматтайт" (видео)

 

Орусиянын өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өнөктөштөрдүн саясатына урмат менен мамиле жасала турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-ноябрда Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ынтымак Ордо резиденциясында болгон жолугушуусунун алкагында журналисттерге маек берип жатып айтты.

"Биз ар дайым өнөктөштөрүбүздүн саясатына урмат менен мамиле кылабыз. Өлкө инвестиция тартууга, иш орундарын түзүүгө, жашоо деңгээлин жогорулатууга кызыкдар экенин түшүнөбүз. Биз ар дайым мындай аракеттерди колдоп келебиз",- деген ал.

Белгилей кетсек, Путин 25-27-ноябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен жана ЖККУнун коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген. Анын делегациясынын курамында вице-премьер-министр Алексей Оверчук да бар.







Алексей Оверчук: "өнөктөштөрүбүздүн саясатына урмат менен мамиле кылабыз"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: