super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев иш сапары менен Екатеринбургга жөнөп кетти

 
Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев иш сапары менен Орусиянын Екатеринбург шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, акыйкатчынын бул 4 күндүк иш сапарынын негизги максаты - кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, эмгек мигранттары менен жолугуу, алардын көйгөйлөрүн угуу, чечилбеген маселелеринин чечилишине көмөк көрсөтүү болуп саналат. Иш сапарынын алкагында Бактыбек Аманбаев КРнын Екатеринбургдагы башкы консулу Т.Кожобаев, Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякова, облустун аймактык өнүктүрүү жана улуттар аралык мамилелер боюнча вице-премьери Я.Силин, облустун Эмгек жана жумуштуулук менен камсыздоо департаментинин директору Д.Антонов менен жолугушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: