super.kg logo

Жанна Фрискенин рак илдетине чалдыкканын жолдошу Дмитрий Шепелев ачыктады

 

Буга чейин эле орусиялык ырчы Жанна Фрискенин рак илдетине чалдыкканы тууралуу маалымат каражаттары далай жолу жазып, бирок анын пиар-директору бул маалыматты четке кагып, ырчынын Майамиде жүргөнүн айтып келген. Ал гана эмес, Жаннанын атасы кызынын айыкпас ооруга кабылганы тууралуу маалымат жалган экенин билдирген болчу. Кечээ жакында эле ырчы Шереметьево аэропортунан дарылануу үчүн жарандык никедеги жолдошу Дмитрий Шепелев менен Германияга учуп кеткендиги тууралуу маалымат тараган эле. Бүгүн, 20-январда буга чейин айтылып келген маалыматты Жанна Фрискенин жолдошу Дмитрий жубайынын рак  илдетине чалдыкканын расмий түрдө ачыктап, ырчынын сайтына жазып чыкты.

"Бир канча айдан бери биздин үй-бүлөнүн кайгысы болуп келген Жаннанын оорусу эми жалпы элдин кайгысына айланып отурат. Андыктан анын күйөрмандары, жакын санаалаштары чындыкты билиши керек. Ооба, Жанна рак илдетине чалдыгып, биздин үй-бүлөнүн башына каран түн түштү. Биз акыркы мүнөткө чейин Жаннанын ден соолугу үчүн күрөшөбүз. Баарыңыздардан жылуу сөздөрдү айтып, анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууңуздарды суранабыз. Буюрса, жагымдуу кабарыбыз менен барабыз деген үмүтүбүз чоң" деп жазылат Дмитрийдин маалыматында.

Белгилей кетсек, Жанна менен Дмитрийдин 9 айлык Платон аттуу уулу бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.01.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыгыып кетсин эми!
20.01.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ар бир адамдын ден соолугу чын болсун эч ким оорубасын. Айгып кет Жанна
20.01.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эч ким,эч качан оорубаса экен!
20.01.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман болуптур(((. Кудайдан жен соолук тилейли!!
20.01.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jaman ichim oorydy . Sakaiup ket Janna sonyn balan bar eken . Ozy da bolposhka bolyp kaluptur.
21.01.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым кудайым шыпаасын берсин,мен да ичим ачышып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: